«Артыбызда турган Ак Үй, Ак Үйдө отурган парламент — легитимсиз. Легитимсиз парламентти бюджеттен каржылоо токтотулсун! Пандемия учурунда элди илдет менен бетме-бет таштап басып кеткен парламенттин бизге кереги жок. Коркок, кошоматчы парламенттин бизге кереги жок. Парламент тарасын!».
Бүгүн Бишкекте саясатчылар жана жарандык активисттер тарабынан Ак Үйдүн жанында өткөрүлүп жаткан митингде мына ушундай чакырыктар айтылууда.