Максат айылында 84 үй-бүлөгө жаңы үйлөр пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта Баткен облусуна иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде апрель айында болгон окуяларда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылындагы 84 үй-бүлөгө бериле турган жаңы үйлөрдү көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Буга чейин, 6-майда мамлекет башчысы Баткен облусунан кабар алган учурда бир да жергиликтүү тургун жардамсыз жана зарыл колдоосуз калбай турганын билдирген. Президент Садыр Жапаров чогулган элдин алдында сүйлөп жатып аларды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Элибиз менен биргеликте оор жоготуулардын ордун толтурууга аракет жасадык. Каргашалуу окуяда 36 эр-азаматыбыз шейит кетти, жүздөн ашык жарандарыбыз жараат алды. Бул кыргыз эли үчүн, биз үчүн оор жоготуу болду. Алардын жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мекен үчүн жан берген атуулдарыбыздын үй-бүлөсүнө аз да болсо жардам көрсөтүүнү колго алып отурабыз. Жабыркаган үйлөрдүн ордуна заманбап шарттары менен үйлөр курулду. Айылдардагы бир топ чечилбей турган социалдык маселелер четтен чечилип жатат. Таза суу, жол, ФАП, мектеп, бала бакча жана башка элеттиктер үчүн эң керектүү делген шарттардын түзүлүшүн камсыз кылууга аракет көрүп жатабыз», — деп белгиледи ал.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров кыргыз мамлекети кыйын күн кечирип жатканда эбегейсиз жардам көрсөткөн боордош түрк элине жана Түркия мамлекетинин жетекчилигине жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди. Өлкө башчы Баткен районунда бүтө элек 40ка жакын үйдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтүрүлүп, райондун тургундары бүгүнкү Максат айылында болгондой жаңы үйлөрүнө киришерин билдирди.