Лицензия берилген кендер, анын ичинде Жер-Үй да ишин улантат

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.

Анда Жер-Үй кенин иштеткен ишканага өрт койгондор кылмыш жоопкерчилигине тартылабы деген суроо кабыргасынан коюлду.

«Лицензия берилип, буга чейин иштеп жаткан кендер, анын ичинде Жер-Үй дагы иштей берет. Жакында Ала-Бука, Чаткалга барып, кендерди иштетпей жаткан эл менен сүйлөшүп келдим. Аларга «тоскоол болбогула» дедим. Таласка барганда да түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Макулдашуулар жолу менен чечебиз. Өрттөп кеткендер боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат», — деди Жапаров.