Лифт жабдууларын өндүрүү боюнча алгачкы ишкана ачылды

Бүгүн, 22-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ленин айылындагы лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик ишкананын ачылышына катышты.

«Кечээ автобус өндүрүү боюнча «Белес» заводу ачылды, бүгүн биз республикадагы лифт өндүрүү боюнча ишкананын ачылышында турабыз. Биз өнөр жай тармагын өнүктүрүшүбүз керек жана өндүрүлгөн продукция чет элдик аналогдордон дээрлик кем калбаган ата мекендик өндүрүштү колдошубуз кажет», — деди Акылбек Жапаров.

Ал 1 миллиард сом уставдык капиталы менен «Кыргызиндустрия» ишканасы түзүлүп, мамлекеттик банктардын уставдык капиталы да жогорулатылганын айтты. Анын билдирүүсүнө караганда, бул аракеттер ишкерлерге мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүүгө жардам берет.

Өз кезегинде компаниянын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева компаниянын алдыга койгон амбициялуу пландары, анын ичинде Борбор Азия жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна чыгуу пландары бар экенин белгилеп, ошондой эле ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу 500 даана техниканы түзөөрүн жана Бишкек шаарындагы лифттерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында жогорку технологиялуу лифттерге алмаштырууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи.