Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактарда айтылып жаткан Максат ажы Токтомушевдин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы кызматынан алынышына өлкө жетекчилигинин тиешеси бар деген маалыматты төгүндөдү.
Социалдык тармактарда белгисиз адам президент Садыр Жапаров ага өлкөнүн муфтийи кызматын убада кылганын, ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов жана башка адамдар Максат ажы Токтомушевди муфтийликтен мыйзамсыз алышканын билдиришкени тууралуу аудио тараган.
Галина Байтерек бул маалымат толугу менен чындыкка дал келбей турганын жана ал маалымат чагымчыл мүнөздө экенин белгиледи.
Ал Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла ажы менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады.
Президенттин басма сөз катчысы айрым күчтөр коомдо дүрбөлөң чыгарып, чыңалууну жайылтууга кызыкдар экендигин баса белгилеп, мындай жалган-жалаалардын демилгечилерин жоопкерчиликке чакырды.