Бизде эмне ата-бабаларыбыздын салтында кумар оюну бар беле? Же эмне ата-бабаларыбыз кумардан пайда тапкыла деп айтты беле? Депутат Адахан Мадумаров парламент жыйынында суроо салды.
«Туура айттыңар, Конституцияны бекем кармаш керек деп. Биринчи бетинде жазылып турат «Ата-бабалардын салтын сактап, айкөл Манастын осуяттарына таянып» дейт. Бизде эмне ата-бабаларыбыздын салтында кумар оюну бар беле? Же эмне ата-бабаларыбыз кумардан пайда тапкыла деп айтты беле? Кумардын түбү чыр деп айтып келишет. Мына ата-бабаларыбыздын айтып келгени. Айтып жатасыңар «азыр деле казино ойноп жатат» деп. Демек, силер алсызсыңар, силерде мыйзам иштебейт», — деди Мадумаров.
«Ата-бабалар Кыргызстан өлкөсү болуп калса, каректей сактагыла деген. Кыргызстандын ичиндеги жарандарды кор кылбай, тентитпей, жашаткыла деген. Ошол үчүн аракет кылып жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.