Мадумаров: «Алымкадыр Бейшеналиев чоң жигиттин досу болуп эркиндикке чыгып кетти. Досу жоктор эмне кылат?»

«Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев акталды, бирок кармалышы жана ага коюлган айыптар боюнча башкы прокурор баш болгон эч ким жазаланган жок». Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров билдирди. 

«Ушул сыяктуу окуяларды соттор дагы колдоп берип жатасыңар. Прокуратура кандай сөз сүйлөсө, сот башын ийкеп отурат. Булар соттордун баарын жетелеп алыптыр. Мурдагы саламаттыкты сактоо министри дагы жакшы бир чоң жигиттин досу экен, эптеп чыгып кетти. Досу жоктор эмне болот? Досу жоктор адилеттүлүктү кайдан издейт. Бечаранын баары 2-3 же 6 айлап жатат», — деди ал.