Мадумаров: «Аталасын чыгарбай, же кыргызча, же орусча сүйлөйлү»

«Сүйлөгөндө, таза кыргызча же таза орусча сүйлөйлү. Аталасын чыгарбасак. Кыргызча билбейсиңби, анда Пушкин менен Толстойдун тилин сыйлап, таза орусча сүйлө. Кыргызча сүйлөйсүңбү, анда ага орусчаны аралаштырба». Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Ал бул эскертүү менен жумушчу комиссиясынын төрагасы Султанбай Айжигитовго кайрылды. Аталган депутат парламенттин сунушталып жаткан түзүмүнүн долбоорун эки тилде баяндап берген. «Адахан Кимсанбаевич мага туура эскертүү кылды. Бирок мен ага окшоп кыргыз тилинде кооз сүйлөй албайм», — деди ал.

Ошондой эле, эл өкүлү дагы бир ирет жыйынга кечигип келген депутаттарды да сындап өттү. «Саат 10до башталат дегенде жыйынды убагында баштап, саат 10го 5 мүнөт калганда залга кирип отуралы. 1-класстын балдары да таңкы саат 7 жарымда биринчи сабакка барып жатышат. Тартипти өзүбүздөн баштасак», — деди Мадумаров.