Мадумаров Зулушевге: «Бейшеналиевди кармай коём деп иштен четтеп келдиңиз, ушул мыйзамдуубу?»

«Отчеттук мезгилдин ичинде бир жолу иштен четтеп кайра келдиңиз. Саламаттыкты сактоо министрин кармай коём деп. Ушуну мыйзамдуу болгон деп эсептейсизби?» деди депутат Адахан Мадумаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге.

«Кызматтан четтеп, кайра келгеним жок. Кызматымды, милдетимди убактылуу токтоттум. Бул президенттин буйругу. Ошол мезгилдеги министр «кандайдыр бир пикир келишпестиктер бар, ошондон кийин иш козгоду» деп айтты да. Адилет болсун деп четтетти. Мамлекеттин кепилдиги президент. Президент кабыл алган кандай чечим болсо, биз аткарууга милдеттүүбүз», — деди ал.

«Мыйзамда ошондой көрсөтүлгөнбү?» — деди депутат.

«Мыйзамдагы нормалар боюнча президент бардыгына жоопкер деп жатпайбы…» — деди Зулушев.

«Жок андай эмес, кожоюн өзү билет дедиңиз да», — деди Мадумаров.

«Жок, анткен жокмун, мен так маалымат берип жатам», — деди башкы прокурор.