Мадумаров: «Баткенге жок акчанын 3 миллиард сомун бөлүп жаткан накта «пиарщик» өкмөт болуп жатпайбы»

«Министрлер кабинети Баткен облусуна 3 миллиард сом бөлүнөрүн жарыялады, а бул акча азырынча жок дегени кандай?». Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 31-октябрда комитеттик жыйында билдирди.

Комитетте Азия өнүктүрүү банкынан каражат алуу боюнча макулдашуу каралды. Анда 25 миллион доллар грант катары жана 25 миллион доллар насыя катары алынышы күтүлүүдө. 

Депутат Адахан Мадумаров бул каражаттар кайда жумшаларын тактап айтууну суранды. Каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 1 миллиард 300 миллион сомго жакын, Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө 3 миллиард сомго жакын каражат каралат.

Адахан Мадумаров буга чейин Акылбек Жапаров Баткенге барганда, 3 миллиард сом бөлүнгөнүн жар салганын айтты. «Аны баарыбыз уктук. Аны кайсы каражаттан бөлүп берди? Азыр сиз айтып жатасыз, бөлүнө турган 3 миллиард сом ошол жакка каралган деп. Анан дагы айтып жатасыз жарымы берилген деп. Кимге ишенели? Анда барып Министрлер кабинетинин жетекчисине айтып коюңуз. Бөлүнө элек нерсени бөлдүк деп, бериле элек нерсени бердик деп жар салбасын. Эмнеге элдин башын айландырасыңар. Баатырдыктын дагы чеги болуш керек да. Накта пиарщик өкмөт болуп жатпайсыңарбы», — деди депутат.