Мадумаров: «Биз кесиптешибиздин кадыр-баркын коргой албасак, шайлоочулардын укугун кантип коргойбуз?»

«Кесиптешибиз Тазабек Икрамов көтөргөн маселе бул жөнөкөй маселе эмес. Бул Конституциялык маселе». Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров жыйында билдирди.

«Бул Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлигинин ортосундагы маселе. Бул Жогорку Кеңештин мамлекеттик башкаруудагы орду боюнча маселе. Депутат Бакиров жагабы же жакпайбы ал башка маселе. Бакиров элдин добушу менен келген эл өкүлү. Анын макамы бар. Ага ылайык, иш бөлмөсүн ачууга эч кимдин укугу жок.

Жогорку Кеңеш кимдин менчиги? Ал иш башкаруучунун балансында эмес. Ошондуктан мага тийбесе болду, калганы ошо болсун дегенибиздин жыйынтыгы ушуга келди. Мыйзам тебеленип жатат. Биз кесиптешибиздин кадыр-баркын коргой албасак, шайлоочулардын укугун кантип коргойбуз? Муну башка мамлекет укса деле, шылдың болдук. Мага жакса башка мамиле, жакпаса башка мамиле деген болбойт. Муну изилдеш керек. Тийиштүү инсан келип, ак же көк деген жообун бериши зарыл», — деди Мадумаров.