Мадумаров “Бүтүн Кыргызстандын” мүчөсүнүн Путин тууралуу айткан сөзүнө комментарий берди

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Динара Чолпонованын Орусиянын президенти тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.

Депутат Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында бул Чолпонованын жеке пикири экенин белгиледи. «Бир кыздын жеке пикирин УКМКнын деңгээлине көтөрүп, Байсалов парламенттин трибунасынан сүйлөп атат. Бул уят. Байсаловдун “кожоюнунун” биздин жети аймакты өнүккөн жети мамлекетке бериш керек деп айтканы бар. Анын сөзүнө качан юридикалык баа берилет? Кыз жөнөкөй жумушта иштейт. Мен муну тактадым. Эмне үчүн ага мынчалык жабышып жатасыңар? Бул анын жеке пикири. Ал «Бүтүн Кыргызстандан» болгон үчүн да», — деп жооп берди Мадумаров Байсаловго. 

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активдүү мүчөсү Динара Чолпонова «Карапайым эл «Путин бизди – Кыргызстанды өзүнө, Орусияга алсын» деп айтып жатышат. Анткени Орус президенти өз элине кам көрөт. Анан калса Орусияда орустар гана жашашпайт, ошол эле сибирдик кыргыздар, якуттар, буряттар жана башка көптөгөн улуттар – баары тынч жашайт, анткени бул алардын үйү» деген. 

Ошол эле учурда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Орусияда убактылуу эмгектенип жүргөн кыздын пикири — «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын позициясын билдирберин жазышты. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын позицияларын аныктоо, тактоо партиянын төрагасына жүктөлгөн», — деп айтылат маалыматта.