«Эгер Кемпир-Абад жок болсо, анда мага да өмүрдүн кереги жок». Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Өзгөндө өткөн Кемпир-Абад маселеси боюнча курултайда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров билдирди.
«Мынчалык кайдыгерсиздер. Эгер ушул Кемпир-Абад жок болгон болсо, мен ошол жерликмин дегеним жерге кирсин, мага да өмүрдүн кереги жок. Мага да жашоонун кереги жок. Мына ушинтип сессияда да айттым. Кокус суу сактагыч өтүп кеткен болсо, күйдүрүп, күлүмдү көккө сапырып койгулачы», — деди ал.