Мадумаров: «Эл эмнеге күрөшкөн жоксуң дебесин деп талапкерлигимди койдум»

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны болуп, парламенттин төрагасы шайланды. Төрагалыкка эки талапкер көрсөтүлдү. Бири — Талант Мамытов, экинчиси — Адахан Мадумаров.

Жыйындын акырында депутаттар жашыруун добуш беришти. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов болуп шайланды.

Бул боюнча Адахан Мадумаров комментарий берип жатып, жыйынтык кандай болорун алдын ала эле билгенин айтты. «Эл эмнеге күрөшкөн жоксун деп сурашы мүмкүн, ушундай суроолорду жаратпаш үчүн талапкер болдум»,- деди ал.