Мадумаров Элдик курултай боюнча Конституциялык сотко кайрылды

Кечээ, 22-декабрда Жогорку Кеңештин парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Конституциялык сотко «Президенттин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» жана 2022-жылдын 28-сентябрындагы жарлыктарын конституциялык эмес деп табуу жөнүндө» Конституциянын 7-беренесинин жана 4-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп, сунуштама берди. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан маалымдашты.
«Элдик курултайдын макамы Конституцияда бекитилген. Ошентип, бул Элдик курултайды Баш мыйзамдын 7-беренесине ылайык мыйзамдаштырууга, конституциялык мыйзамды кабыл алуу менен камсыз кылынууга тийиш. Бирок белгиленген конституциялык талаптарга каршы, президенттин жарлыгы Элдик курултайдын ишин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин жөнгө салат, бул Конституциясынын талаптарына жана мыйзамдарга түздөн-түз карама-каршы келет», — деп жазылат маалыматта.