Мадумаров, Исаев, Жээнбеков… Тогуз талапкердин үстүнөн арызданып БШКга кайрылышты

Демократия жана жарандык коомчулук үчүн коалициясынын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына айрым президенттикке көрсөтүлгөн талапкерлерге арызданып кайрылышты. Атап айтсак, Адахан Мадумаров, Бектур Асанов, Канат Исаев, Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков жана башка, жалпы 9 талапкердин ысымы бар.

Коалициянын башчысы Эрик Ирискулбековдун айтымында, жогорудагы талапкерлер 15-декабрга белгиленген үгүт иштери башталганга чейин маалымат жыйын өткөрүшүүдө. “Биз БШКга бул окуяга көңүл буруп койсун деп, маалымат жыйын аркылуу алардын кайрылуусу мөөнөтүнөн эрте башталган үгүт эмеспи, мыйзам бузуу эмеспи деген суроону бердик. Боршайком түшүндүрмө берсин”, — деди Ирискулбеков.