Кечээ, 21-июнда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунушу боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.
Бүгүн, 22-июнда убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде каралып, андан соң Жогорку Кеңештин жыйынына киргизилет.
«Отурумда өткөн жылы эмне талкуу болсо, ошону кайра талкууладык. Кесиптештердин бири философиялык суроо узатты. «Эгерде Жогорку Кеңеш макулдук берсе, сиз өзүңүздү тиги жактан актай аласызбы?» деп суроо салды. Бул жагдайда реалист болуу керек. Өзгөчө Кыргызстанда саясатка бара жатканда баарына даяр болуу зарыл», — деди ал.