Мадумаров: «Кайсы президентти көкөлөткөн жокпуз?»

«Кайсы президентти көкөлөткөн жокпуз?». Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Конституциянын 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Ал Баш мыйзамды колуна алып, анын бир да нормасы сакталбай жатканын айтты.

«Кыргыз жарандары туулгандан баштап эркин жана өз пикирлерин, өз талаптарын ээн-эркин жыйын өткөрүп айта алат деп жазылып турат. Бүгүн ошол жыйынды өткөрүп көргүлө! Горький гүлбагында гана өткөрүүгө болот дешет, ага да мэрия тыюу салып койду. Кайсы эркиндикти айтып жатабыз?

Биз көкөлөтө берип, ушул жерге келдик. Биз кайсы президентти көкөлөткөн жокпуз? Сиз бар үчүн Күн чыгып жатат, сиз бар үчүн гүл гүлдөп жатат деп келдик. Биз эмеспизби ошол? Ачуу сөз. Бирок менин жүрөгүм бүгүн мындан башка сөз айта албайт», — деди депутат.