Мадумаров кармалган аялдар боюнча: «Кыргыз бийлиги 5 аялдан калтырап-титиреп жаткан болсо, бул бийлигиңе түкүрдүм»

Бүгүн, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кармалган аялдар боюнча пикирин билдирди.

«Кармалып жаткандардын арасында жүрөк оорусу, кант диабети барлар бар. Айланайын, бир террористти кармагандай болуп… Эгер кыргыз бийлиги ошол жакта жаткан 5 аялдан калтырап-титиреп жаткан болсо, бул бийлигиңе түкүрдүм. Сырттагы душмандан эмес, 5 аялдан коркуп, тордун артына кармап отурган болсо, бул бийлик биздин укугубузду коргой албайт», — деди ал.

Буга чейин президент Садыр Жапаров маекте «мага кайрылып жаткан энелер эки жылдан бери эң жок дегенде бир жолу «Ай кыздар, тартиптүү болгула, калп сөз сүйлөбөгүлө, жалаа жаппагыла, төңкөрүштөн айланасыңбы!» деп тыйып коюшпайбы» деген болчу.