Мадумаров көлдөгү үгүт кампаниясы эмне үчүн болбой калганын айтып чыкты

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Ысык-Көлдө өткөрө турган үгүт иштери үзгүлтүккө учураганын КТРКнын түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, эл менен биринчи жолугушуусун Ысык-Көлдөн баштамак.

«Менин штабымды түзүп жаткандар жалынып-жалбарып суранышты. Алар мага «бизде жаш азаматтар пайда болуп, эгерде кимдир бирөөнүн башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз» дешти», — деди Мадумаров.

Ошол эле учурда талапкердин жогорудагы билдирүүсү социалдык тармактардын колдонуучуларынын талкуусуна жем таштады. Алсак, Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев Мадумаровдун сөзү козутуу, чагым кылуу катары бааланышы ыктымалдыгын билдирди. «Билдирүү так болушу, кайсы айыл же шаарда болгон окуя экени, кимди ким келип коркутуп, опузалап жатканын так аты-жөнү менен айтып чыгуу зарыл деп эсептейм. Чынында эле ошондой копол нерсе болуп кетсе, анда тиешелүү органдар катуу чара көрөт деп ишенем. Боршайком жана укук коргоо органдары дагы президенттикке талапкер Мадумаровдун билдирүүсүнө ылайык териштирүү иштерин жүргүзгөнү оң», — деп жазат Каптагаев.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт жана президенттик кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда. Үгүт иштери 15-декабрда башталган.