Мадумаров: «Мага буйрук бере турган 2 киши бар болчу, экөө тең каза болуп калган»

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров жыйын өткөрдү. Жыйында ага журналист «Камчыбек Ташиев менен кайым айтыштыңыз, президентке да көп сөз айтылды, ошондон кийин андай сүйлөбө деген кысым болдубу? Алар менен мамилеңиз кандай?» деген суроо узатты.

«Алар менен эч кандай мамилем жок. Мага буйрук бере турган 2 киши бар болчу, экөө тең каза болуп калган. Атам менен апам. Башка киши мага буйрук бере албайт. Бул менин өмүрүм. Бирөөнүн жетегинде жүргүм келбейт жана андай жашоонун маңызы, баасы, кажети жок», — деди ал.