Мадумаров: «Москвадан Бишкекке авиабилет 40 миң сомго көтөрүлдү»

«Москвадан Бишкекке авиабилет 40 миң сомго көтөрүлдү». Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

«Соңку кезде кыйынчылыктан бизнес жасаганды үйрөнүп алдык. Москвадан сөөктү алып келүү мурда 40 миң рублдун тегерегинде болчу, азыр ал баа 150 миң рублга чыкты. Мындан улам, сөөк өлүкканада 6-7 күндөп калып жатыптыр. Анын үстүнө сөөктү «Аэрофлот» эле алып келчү, ал учпай калды. Кыргыз авиакомпаниялары сөөктү салдырбайт. «Авиа Траффик» компаниясы Москвадан Бишкекке билетти 7 миң сомдон 40 миң сомго көтөрүп алыптыр», — деди депутат.

Бул маселени депутат Нуржигит Кадырбеков да көтөрдү. «Орусиянын «Аэрофлот» жана «S7» авиакомпаниялары каттамдарын токтотту. Эгерде «Уральские авиалинии» да токтото турган болсо, анда Орусияга учкан каттамдардын 90 пайызы токтогон болот. Ошондо өзүбүздүн эле авиакомпаниялар калып, 15 эле каттам калганы жатат. Чартердик каттамдарды көбөйтүү керекпи? Бул багытта иштебесек болбойт», — деди ал.