Мадумаров: «Айрым экс-депутаттар иш бөлмөсүнүн ачкычын кийинкилерге тапшыра элек»

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын айрым депутаттары иш бөлмөсүнүн ачкычын тапшыра элек. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Бүтүн Кыргызстандан» эки гана депутат иш бөлмө алган. «Отурганга кабинет, жаза турган кагаздар жок болсо, мен фракциянын жыйынын кантип өткөрөм? Биринчиден, бардык депутаттар кабинет менен камсыз болушу керек. Кээ бир экс-депутаттар дагы эле кабинетинин ачкычын тапшыра элек, качып жатышат”, — деди ал.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоонун жыйынтыгында алты мандат алды.