Мадумаров президенттик шайлоого катышат

Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышарын жар салды. 10-январга белгиленген президенттик шайлоого буга чейин Садыр Жапаров да катышарын айткан. Ал декабрь айында президенттин милдетин аткаруучулукту өткөрүп берем деп да билдирген.

Адахан Мадумаровдун айтымында, ал шайлоого саясий партиянын атынан эмес, өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышат. “Бир эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясын эмес, башка да саясий күчтөрдүн атынан барганы жатам”, — деди ал.

Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясына бүгүн эле шайлоого катыша тургандыгын билдирерин жана керектүү документтерди да алып барарын айтты.