Мадумаров: «Сизге ушул иш бөлмө калды дешти, мен «болуптур, анда» дедим»

«Ак үйдү 2009-жылы таштап чыгып кеткем. 2021-жылы кайтып келдим. Демек, дээрлик 13 жылга жакын мен Ак үйдүн босогосун аттаган жокмун». Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров «Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабызга маек берип жатып билдирди.

«1-сессия өтөт деген күнү келдим. Келсек 7-кабатта эрте келип «басып» алгандар, бийликке жакын болгондор иш бөлмөлөргө кирип алышыптыр. Сизге ушул иш бөлмө калды дешти, мен «болуптур, анда» дедим. Кеп кайсы жерде отурганың эмес, кеп ал жерде эмне иш кылганың. Иш бөлмө сенин кадыр-баркыңды көтөрбөйт. Сенин кадыр-баркың ошол бөлмөнү көтөрүшү мүмкүн», — деди эл өкүлү.