Мадумаров УКМКнын короосуна таш ыргытып, БШКны күнөөлөп жатат

Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Каныбек Иманалиев добуштарды автоматтык түрдө саноочу урналарды кайрадан текшерүүнү талап кылып БШКга кайрылышты. Ал иш-чарага талапкерлердин өкүлдөрү жана коомчулук да катышуусу керек дешет.

Буга чейин Мадумаров менен Исаев 6-январда УКМКнын кызматкерлери менен БШК добуштарды автоматтык түрдө саноочу урналарга тест жүргүзүп көргөнүн маалымдашкан. “УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин талапкер Садыр Жапаровдун шайлоодо утуп чыгышына кызыкдар экенин эске алып, УКМКнын кызматкерлери тарабынан добуштарды автоматтык түрдө саноочу урналарды текшерилишине жол берилгенине үч талапкер нааразы”, — дейт Мадумаров. Талапкердин билдирүүсүнө ылайык, БШК тымызын сүйлөшүп алган. Ошондон улам Жапаровду президент катары таануу мүмкүн эмес дейт Мадумаров.

Тест жүргүзүү болгон жана ал процесске УКМК катышкан деген маалыматты БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ырастады. Анын айтымында, жабдуунун үзгүлтүксүз иштешин жана шайлоо тилкелеринен добуш жыйынтыгын алууну камсыздоо максатында БШК масштабдуу текшерүү ишин өткөргөн. “Системанын ишине сырттан кийлигишүү дээрлик мүмкүн эмес. УКМК киберкоопсуздук тармагында жооптуу орган болуп саналат”, — деди Шайлдабекова.