Мадумаров: «Жапаров мени президенттик жарыштан алып салууга аракет кылып жатат»

Дагы бир президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Садыр Жапаровду сынга алды. “Мени президенттик жарыштан алып салуу аракетинин артында Жапаров турат” дейт Мадумаров. Ал бул тууралуу бүгүн атаандашына жана БШКга жолдогон кайрылуусунда билдирди.

“Мындай кадам аркылуу мен сиздин өзүңүзгө карата ишенбөөчүлүк болуп жатканын түшүндүм. Сиз атаандаштарыңыздан арылууга аракет кылып жатасыз” дейт Мадумаров. Кайрылууда «мамлекет башына келе турган адамды Башкы прокуратура же БШК эмес, Кыргыз өлкөсүнүн эли чечүүгө тийиш» деп жазылган.

Мадумаров БШК мүчөлөрүнө да кайрылып, эгер Башкы прокуратуранын  материалын караса, анда бул кайрылуусун Садыр Жапаровго карата расмий арызы деп таанып, муну да кошо кароосун өтүнгөн. Башкы прокуратура Адахан Мадумаровдун Москвадагы мекендештер менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөнү тууралуу материалы БШКга жөнөтүлгөнүн маалым кылган.