Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратуу. Депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңеш депутат Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин алып салуу боюнча башкы прокурордун сунушун иликтөө боюнча комиссия түзүү чечимин кабыл алды.

Депутаттык комиссиянын курамы:

— «Ата-Журт Кыргызстан» — Айбек Осмонов;

— «Бүтүн Кыргызстан» — Исхак Масалиев;

— «Ынтымак» — Мурадил Сыдыков;

— «Ишеним» — Бахридин Шабазов;

— «Ыйман Нуру» — Динара Ашимова;

— «Элдик» тобу — Аманкан Кенжебаев;

— «Альянс» — Азамат Исраилов.