Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу. Комиссиянын чечими пленардык жыйында белгилүү болот

«Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечими чыкты деген маалымат такталган эмес маалымат». Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын катчылыгынан ырасташты.

«Комиссиянын чечими пленардык жыйынга чыкканда гана белгилүү болот. Азырынча комиссиянын чечими жөнүндө маалымат жок», — дешти катчылыктан.

Буга чейин комиссия өз ишин жыйынтыктаганын жана анын корутундусуна эки гана депутат каршы добуш бергени маалымдалган.