Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу колдоо тапты. Макул деп 61 депутат добуш бергени маалымдалды.
Депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү бүгүн, 22-июнда саат 16:30дан тартып Жогорку Кеңеште жабык каралып, саат 18:30да аяктады.