«Мадумаровдун акылынын бизге кереги жок». Депутат Токторбаев акылы жетиштүү экенин айтты

«Биз өткөндө комитетте караганда, сунуш киргизгенбиз. Бул мыйзам долбоорунун концепциясын кайра карап чыгуу керек». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Министрлер кабинети тарабынан сунушталып жаткан улуттук коопсуздук боюнча мыйзамдардын топтому боюнча билдирди.

Анын айтымында, бул 2018-жылы сунушталган мыйзам долбоору. «Баш-аягына чейин бул мыйзамды жазып чыгышыбыз керек», — деди ал.

Депутат Жеңишбек Токторбаев кесиптеши Адахан Мадумаровдун айтканына каршы чыкты. «Мен Адахан Мадумаровдун айткандарына каршымын. Муну 1-окууда өткөрө берели. Бийлик өзгөргөнү менен мыйзам өзгөрбөйт», — деди ал.

Мадумаров Токторбаевге мыйзам кереги жок деп эч ким айтпаганын, каккан казыктай, темирдей болуп иштеш керектигин айтты. «Мен силерге караганда ушул өлкөгө көбүрөөк күйөм. Мен силерге караганда тартипти көбүрөөк талап кылам», — деди.

«Мен Адахан мырзага айтып кетет элем. Токтотсо экен да. Мугалим болуп… Мадумаровдон башкасынын баары сабатсызбы? Же эмне жалгыз Мадумаров күйөт бекен мамлекетибизге? Токтотсунчу публикага ойногонду. Акылыбыз жетиштүү. Мадумаровдун акылы бизге кереги жок. Үйгө калтырып келиңиз», — деди Токторбаев.