Кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровдун маселеси боюнча депутаттык комиссиянын чечимин жабык эшик артында карады. Ага чейин депутатка карата козголгон кылмыш иши «чыккынчылык» беренесинен «кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине алмашканы маалым болду.
Маалым болгондой, бир нече эл өкүлдөрү шашылыш чечим кабыл алуу жарабай турганын белгилеп, комиссиянын ишин узартууну суранышкан. Көпкө созулган талкуудан кийин депутаттар бир пикирге келе алышкан эмес. Комиссиянын иши 10-мартка чейин узартылды.
10-февралда Башкы прокуратурадан парламентке Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү көрсөтмөсү келип түшкөн. Ошол эле күнү Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзүлгөн болчу.