«Мага кайрылгыла». Садыр Жапаров ишкерлерди жылдын аягына чейин текшерүүгө тыюу салды

Ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Жарлыкка ылайык, ушул жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерди, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү иштери болбойт (кылмыш иши козголгон ишканалардан сырткары). Бул чара бизнес чөйрөсүнүн экономикалык иштерин турукташтыруу жана бизнес чөйрөсүн мамлекет тараптан колдоо максатында болуп жаткан айла.

Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, президенттин администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот. Сөзсүз чара көрөбүз», — деп жазды ал.