Жаш саясатчы Орозайым Нарматова: «Мага козголгон иш «Кемпир-Абаддан» бөлүнүп алынган»

«Мага козголгон иш «Кемпир-Абаддан» бөлүнүп алынган». Бул тууралуу SuperTV телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндө берген маегинде жаш саясатчы Орозайым Нарматова «Сиз соцтармактагы баракчаңыз аркылуу көптөн бери алгачкы жолу үн каттыңыз. Үн катпай жүргөнүңүзгө себептер кайсылар?» деген суроого жооп берип жатып билдирди.

«Түз эфирге чыга элегиме, журналисттерге маек бербей жүргөнүмө бир жарым жылга чукулдап калды. Анын башкы себеби — «Кемпир-Абад» маселеси боюнча кармалгандыгыбыз, ошондой эле менин соттук териштирүү иштерим десем жаңылышпайм. Азыркы учурда мага козголгон иштер тергөөдө каралып жатат, бирок «Кемпир-Абаддан» бөлүнүп алынган. Анткени ал боюнча иш «Casa Italia» кафесиндеги чогулуштун негизинде козголгон. Ал ачылган иште 2022-жылдын жаз айларынан деп айтылган, бирок мен 2022-жылдын январь айынан бери Кыргызстанда болгон эмесмин. Биринчиден, ден соолугума байланыштуу, экинчиден, «Casa Italia» кафесинде болбогондуктан менин иши өзүнчө өндүрүшкө алынды», — деди экс-депутат.