«Мага теңелүүнүн кереги жок!» деген Орозайым Нарматова президентке жооп кайтарды (видео)

23-октябрда президент Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берген эле. Суроолордун арасында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматовага байланышкан да суроо берилген. Президент анын кармалганын кеч билгенин, чүкөдөй кызга теңелберин айткан.

Ал эми Орозайым Нарматова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президентке жооп кайтарды.

«Мен тууралуу берилген суроолорго да жооп берип өтүптүрсүз. Мен эч кимге жамандык каалабайм. Мага ошол учурда болгон моралдык соккуну, ошол убакыттагы кемсинтүүнү, мага болгон урматсыздыкты өзүмдүн гана ичимде жутуп, ичимде гана сактап келдим эле. Анткени адамга жашоодогу эң катуу сокку бул жакыныңды жоготуу экен. Бир бооруңду жоготуудан өткөн азап жок экен. Москвадан бир боорумдун табытын алып баруу — дүйнөңдүн кулаганы экен. Менин номурумду, соцтармактагы баракчамды билишет. Садыр Жапаров менин жардам берип жүргөнүмдү айтып жатат. Садыр Нуркожоевич, биз сизге жардам берген эмеспиз. Биз сиздин артыңыздан куугунтук көргөнбүз. Ошол ыраматылык бир тууган акем сизге кызмат кылып жүргөн. Үйүнө чайга чакырган. Чайын ичип, тузун жегенсиз. Биз да сиздин үйгө барып, конок болгон учурлар болгон. Сизди түрмөдөн чыгып калсын деп, кандай аракеттерди кылганыбызды бир да жолу милдет кылып айткан эмесмин. Анткени мунун баарын мамлекет, эл үчүн деп эсептейт элек. Менин телефонума чалып деле тергөөгө чакырса болмок», — деди ал.