«Майрам күнү айтылбай турган сөз эле». Садыр Жапаров чек ара маселеси чечилерин убада кылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Баткен шаарындагы салтанаттуу аземде куттуктады.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Өзүнүн сымап, сурма кендери менен башка аймактардан айырмаланган касиеттүү Баткен жеринде туруп, бул аймактын суу байлыгынын, айыл чарбасынын, газ, мунай тармактарынын келечеги кең экендигине токтолбой кое албайт экенсиң. Айтылуу Баткен өрүгү менен гилас баштаган мөмө-жемиштери өзүнчө брендге айланып, экспортко чыгып, дайыны далайга кетсе, СССР маалынан эле эң жогорку калориядагы Сүлүктү көмүр кени, Арка, Бүргөндү массивдериндеги газ, мунай корлору эмне деген байлык. Ошентип, жалпы республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлеп, чоң мүмкүнчүлүккө ээ.

Мына ушундай өлкө чеги башталган жерде жайгашкан зор потенциалга ээ аймакты өзүнчө облус кылып түзүү иштери өз маалындагы эң туура чечимдердин бири болгон. Тилекке каршы, башталган кадам андан ары ташталбай, облус макамындагы аймакка анчейин көңүл бурулбай келгени албетте өкүндүрөт. Буга чейин чечилбей, бийликтен бийликке кала берген көйгөйлүү чек ара маселесинде чыр-чатактар куралдуу жаңжалга айланып, кейиштүү окуялар да болуп кетти. Майрам күнү айтылбай турган сөз эле, бирок бул — ачуу чындык!

Кудай буюрса, биз мындай көрүнүштү кийинки муундарга калтырбайбыз. Дал ушул максатта Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгардык, бул аймакты өнүктүрүүнү күн тартибиндеги башкы маселеге айланттык. Баткен облусуна берилген макамдын алкагында конкреттүү программа иштелип чыгып, анда белгиленген тапшырмалар өз ырааты менен аткарылууда. Ошентип, бүгүнкү күндө бийлик башындагылардын көңүлү толугу менен Баткен жергесине бурулду. Баткен гүлдөсө – жалпы өлкө гүлдөйт! Баткен өнүксө – жалпы өлкө өнүгөт!».