Жекшемби, 25.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Мажарстанга расмий иш сапар: Шакиев Кыргызстандын элчилигине барды

11:14 13.02.2024
0
Мажарстанга расмий иш сапар: Шакиев Кыргызстандын элчилигине барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мажарстан мамлекетиндеги расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигине барды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Алгач төрага элчиликтин жаңы имаратынын алдында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышып, андан соң дипломатиялык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Мажарстанда иштеген мекендештер жана билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Жолугушууда билим берүү тармагына жана миграциялык саясатка тиешелүү маселелер талкууланып, кыргыз жарандары үчүн Мажарстанда түзүлгөн шарт-жагдайлар тууралуу сөз болду. Төрага Кыргызстан Мажарстан менен бардык багыттагы алакаларды арттырууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, анын ичинен билим берүү тармагындагы кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

«Мажарстанда окууну каалаган кыргызстандыктар үчүн жыл сайын 200 орун бөлүнөт. Бул жаштарыбыздын Европа стандарттарына ылайык жакшы билим алуусуна жардамчы болуп, эки элге данакер болгон мыкты адистердин чыгышына өбөлгө түзүүдө. Буйруса ушул жактан билим алган уул-кыздарыбыз Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө өз салымдарын кошот деген ишеничтемин», — деди төрага.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, чет жерде билим алган студенттерди иш менен камсыздоо маселесине байланышкан жагдайлар талкууланды. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары мамлекет тарабынан жаштарды чет жерде окутууга тиешелүү программалар жана долбоорлор иштелип чыкканы менен аларды кайра Кыргызстанда иш менен камсыздоодо көйгөйлөр болгонун айткан төрага: «Айлык маянанын төмөндүгү негизги тоскоолдуктардын бири болчу. Ага ылайык, акыркы жылдары жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджеттик мекемелерде жана мамлекеттик кызматтарда иштегендердин айлык маянасын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бардык тармактарда реформалар жүргүзүлүп, билимдүү жана тажрыйбалуу адистерге артыкчылык берилүүдө. Андыктан, жакшы билим алып, чет жердин алдыңкы тажрыйбаларын өздөштүрүп, мекенибизге барып кызмат кылгыла. Кыргызстандын келечеги силерсиңер», — деди.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди колдой тургандыгын айткан Нурланбек Шакиев: «Мыкты окуп, эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан окуучуларга ар дайым көңүл буруп, шыктандырып келем. Жакында эле Казакстанда өткөн эл аралык олимпиададан байгелүү кайткан балдарды кабыл алып, кийинки жылдан тарта ошол мелдешке катышкан окуучулардын ичинен чет жерде окууну каалагандар болсо ар тараптуу колдоолорду көрсөтүүнү убадаладык. Анткени билимдүү коом менен гана өнүккөн өлкөнү кура алабыз», — деп кошумчалады.

Жолугушууда миграциялык саясатка жана эмгек мигранттарына тиешелүү маселелер да көтөрүлүп, аталган жаатта жасалып жаткан иштер талкууланды.

 

1 / 8
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Автор Эдита Ильясова
10:26 29.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү