Максат Мамытканов Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын иши менен таанышты

Вице-премьер Максат Мамытканов Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын иши менен таанышты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Таанышуунун жүрүшүндө вице-премьер террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы туруу жаатындагы мыйзамды ишке ашыруу боюнча ишти өркүндөтүү зарыл экенин айтты. Анын айтымында, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү жана ишти координациялоо деңгээлин жогорулатуу зарыл. Анткени, алар Финансылык чалгындоо органдары тарабынан жөнөтүлгөн материалдарды жетишсиз деңгээлде пайдаланууда.

Мамытканов бир жумалык мөөнөттө террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы туруу жаатындагы ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды. «Финансылык мониторингдин жаңы механизмдерин ишке киргизүү жана башкармалыктын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну эске алуу менен жаңы баскычка өтүү зарыл. Өкмөт кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө даяр», — деди Максат Мамытканов.