Вице-премьер Максат Мамытканов Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси менен жолукту

Вице-премьердин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Кыргыз өлкөсүндөгү Федеративдик Германия Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууга алынды.

Максат Мамытканов маалымдагандай, өкмөт тарабынан таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүү боюнча элге берилген убада аткарылды. «Президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча  референдум олуттуу мыйзам бузууларсыз, республиканын мыйзамдарын так сактоо менен жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү. Эми өкмөт алдында коррупцияны жоюу милдети турат, ал өз кезегинде инвесторлорго шарт түзүү менен экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшыртылышын шарттайт» ,— деди Мамытканов.

Элчи Моника Иверсен өз кезегинде калыбына келүүчү энергия булактары боюнча Германиянын алдыңкы тажрыйбасы тууралуу маалымат берди жана «Жашыл Борбор Азия» демилгесинин алкагында биргелешип иш алып барууга даярдыгын билдирди.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган активдүү кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.