Максат Мамытканов Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Осмоналиев Кайрат Медербекович Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы жана Баку шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Грузиядагы элчиси кызматынан бошотулду.

Дагы бир жарлыкка ылайык, Мамытканов Максат Суйуналиевич Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалсын.