Максат Мамытканов Ош облусунун укук коргоо жана күч органдары менен жолукту

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Ош облусунун укук коргоо жана күч органдары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошко болгон иш сапардын алкагында вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу күч органдары менен коомдук тартипти коргоо маселесин сүйлөштү. Жыйындын жүрүшүндө Мамытканов 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого токтолуп, өкмөт таза шайлоону өткөрүү боюнча элге берген убадасын аткарганын белгиледи.

“Өлкөдө саясий абал турукташты. Эми экономикага көңүл буруу керек. Коомдук-саясий абалдын туруктуу болушу социалдык-экономикалык тармактын өнүгүүсүнө, ишкерлерди жана инвесторлорду тартууга шарт түзөт”, — деди Мамытканов.