Максатбек Сазыкулов Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Максатбек Сазыкулов Бишкектин биринчи вице-мэри кызматына дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сазыкулов шаардын турак жай жана коммуналдык чарба боюнча маселелерин тескейт. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Аталган кызматты буга чейин аркалап келген Жамалбек Ырсалиев Биринчи Май районунун акими болуп дайындалган.