Максим Бакиев Бишкектеби? Чек ара кызматынын жообу

Социалдык тармактарда акыркы күндөрдө Максим Бакиевдин Бишкекке келгени тууралуу кептер таратылып жатат. Бул сыяктуу билдирүүлөрдөн улам УКМКга кайрылганыбызда, анын басма сөз кызматынын жетекчиси Чек ара кызматына байланышуу керектигин билдирди. Ал эми Чек ара кызматынан Максим Бакиевдин Кыргыз өлкөсүнө келип же келбегени тууралуу маалыматты тийиштүү гана органдарга бере аларын айтып, бул маалыматты коомчулукка бере албастыгын билдирди.

Максим Бакиев тууралуу жогорудагы кептер социалдык тармактарда жайылып жатканына карабай укук коргоо органдары расмий билдирүү өңдүү реакция жасай элек жана журналисттердин кайрылуусуна да оңдуу жооп бербей жатышат.