«Макул», «каршы» же «калыс». Депутаттар добуш берүүдөгү жооптордун варианттарын талкуулап жатышат

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин регламентинин долбоорун талкуулоодо.

Депутат Арслан Малиев «макул» жана «каршы» дегенден тышкары үчүнчү формада «калыс» добуш берүүнү сунуштады. «Бул форма башка парламенттерде бар. Добуш берүү учурунда позициянын бүдөмүктүүлүгүнө байланыштуу бир эле маселе боюнча бир нече жолу добуш берүү зарыл. Ал эми бул форма кризистен чыгууга мүмкүнчүлүк. Болбосо парламенттин иши токтоп калат. Макул же каршы добуш берүүгө мажбурлайсыңар», — деди эл өкүлү.

Депутат Камила Талиева “калыс” деген сөздүн котормосу кызматты аныктоого туура келбей турганын белгиледи. «Кыргызда «калыс» үчүнчү пикир эмес. Калыс — адилеттүүлүк. Адилеттүүлүк ортодо болушу мүмкүн эмес, ал колдойт же каршы болот», — деди ал.

Комитет мүчөлөрү Арслан Малиевдин сунуштарын колдошту. Ошону менен бирге «воздержался» формасын кыргыз тилине которууну иштеп чыгуу сунуш кылынды.