Мал салыгы. Депутат Токторбаев: «Карапайым эл зыян тартпайт. Мал-жандыгы 50 койдон, 5 жылкыдан, 5 уйдан ашса салык төлөнөт»

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мындан эки апта мурда трибунадан мал-жандыкка салык киргизүү жана жердин салыгын көбөйтүү боюнча берген сунушу тууралуу түшүндүрмө берди.

Анын билдирүүсүндө, депутаттын демилгеси эл арасында өзгөчө талкуу жаратып, ар кандай сын-пикирлер айтылып, көптөгөн жарандар бүгүнкү күнгө чейин суроолорун узатууда. Ал жооп берип коюну чечкен.

1. Негизи бул маселени Министрлер кабинети жана Айыл чарба министрлиги көтөрүш керек болчу, бирок элге жаман көрүнгүсү келбеди көрүнөт. Бул маселе келечекте ишке аша турган маселе болгондуктан, эртеби-кечпи кимдир бирөө көтөрүп, талкууга алып чыгыш керек болчу.

Жайытта байлардын малынын көптүгүнөн улам, азыр мурункудай жапжашыл болуп бийик өсүп турган чөп жок. Жайыттар такыр болуп, эрозияга учурап турган учуру. Жылдан-жылга чөптүн түрү дагы азайып, чоң жоготуу алдында турабыз. Бул мамлекетибиз үчүн өтө кооптуу жана коркунучтуу!

Мен дагы бир жолу токтоло кетейин. Эгер, бул сунушту эл менен бирге талкуулап, долбоорду эл колдоп, кесиптештерим макул болуп мыйзам кабыл алынса, карапайым эл эч кандай зыян тартпайт. Анткени мисал катары айтсам мал-жандыгы 50 койдон, 5 жылкыдан, 5 уйдан ашса салык төлөнөт. Мамлекетибиздин бардык булуң бурчунда 1000ден кой, 500дөн уй жана жылкысы бар бай жарандарыбыз бар, ошолор төлөшөт. Алынган салык айыл өкмөттөрдүн бюджетине түшөт. Бул деген ошол айыл өкмөттөгү дыйкандарды колдоо, жерди азыктандыруу, мектеп, бала бакча куруу, жолдорду оңдоо, жарыктандыруу, таза суу чыгаруу жана башка көптөгөн жасалуучу иштер. Уюлдук телефонго бир адам бир айда жок дегенде 250 сомдун тегерегиндеги каражатты сарптайт. Бир үй-бүлөдө 4-5 адам болсо, бир айда 1000 — 1 250 сомдун, бир жылда 12 000 — 15 000 сомдун тегерегиндеги каражат сарпталат.

2. Азыркы учурда айыл чарба жерлери үчүн салыктын көлөмү гектарына 189 сомдон баштап 453 сомго чейин болсо, 2020-жылы жер салыгынан 343 миллион 241 миң сом гана чогулган. Салыктын бул көлөмү ондогон жылдардан бери өзгөрүлбөй келген. Мындайча айтканда, азыр 1 жылга 1 гектар жердин салыгы 1 пресс чөптүн баасы. Ошондуктан президент жарыялаган 3 жылдык мораторийден кийин жердин түшүмдүүлүгүнө жараша салыктын көлөмдөрүн кайра карап чыгып, жер салыгын көтөрүү зарыл деп эсептейм. Бул сунушту алып чыккандан кийин элибизден айыл өкмөттөрдүн коррупциялашкандыгын айтып өтө көп кайрылышкан. Салыктан чогулган каражатты туура чогулушуна жана чогулган каражатты айыл өкмөттөр максаттуу пайдаланышына ишенбестигин билдиришти. Ал эми каражат мамлекеттик бюджетке түшүп айыл өкмөттөргө бөлүнүп берилеби же түз жергиликтүү бюджетке түшөбү эл менен чогуу талкуулап, ийри отуруп түз кеңешип чечүү зарыл деп эсептейм.
Бул жөн гана сунуш мыйзамдын долбоору эмес экенин баса белгилеп кетем. Айылдарда жашаган жарандарыбыздын жашоо-шартын оңдоого багытталган сунуштарды элдин талкуусуна алып чыктым. Бул сунушту колдойбу же колдобойбу албетте эл өзү чечет.