«Малдын да апасы, атасы болобу?». Жогорку Кеңештин жыйынында агроном депутаттарды таң калдырды

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны болуп жатат. Жыйында «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору каралууда. Долбоордун жетекчиси Төрөгул Беков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, көпчүлүктү таң калдырды.

Ал малдын асыл тукумдуулугу тууралуу депутат Экмат Байбакбаевдин суроосуна жооп берди. «Апасы 2 миң литр сүт берсе, атасы 11,5 литр сүт берип жатат. Экөөнү жасалма уруктандыргандан кийин алардын музоолору 4,5 миң литр сүт берет деп жатабыз», — деди Төрөгул Беков.

Ал эми депутат Аалы Карашев: «Кайсы ийри мүйүздүү малдын атасы, апасы болот? «Апасы 2 миң литр, атасы 11 миң литр берет» дедиңиз, малдын да атасы менен апасы болобу?» — деп сурады. Эл өкүлү анын кесибине да кызыкты. Ал агроном экенин айтты. «Анда бир зоотехникти алып келбейсиңерби?! Саан уй деп айткыла. Бука деп айткыла», — деди Аалы Карашев.