Бейшемби, 16.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

09:43 16.04.2026
0
Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады
Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча да ой бөлүштү. Төрага Марлен Маматалиев эзелтен эриш-аркак жашаган боордош эки элдин кызматташтыгы соңку жылдары жигердүү өнүгүп келе жатканын белгилеп: «Анын ичинен парламенттер аралык мамилелер кыргыз-казак алакасын чыңдоонун натыйжалуу механизми бойдон калууда. Биз ТүркПА, КМШ ПА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да тыгыз иш алып барып, эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү да байма-бай өткөрүп келебиз»,– деди.

Буга өткөн жылы Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн III Парламенттер аралык форуму, ал эми Астана шаарында Парламенттер аралык кеңештин III жыйыны ийгиликтүү өткөрүлгөнүн мисал кылды. «Быйыл Парламенттер аралык кеңештин IV жыйынын Кыргызстанда уюштурууну мерчемдеп жатабыз. Аталган иш-чара салттуу достук мамилелерди чыңдап, парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүүгө кошумча түрткү берет деген ишеничтемин», – деди Марлен Маматалиев.

Ал эми Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүү Казакстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген Ерлан Кошанов да акыркы жылдары эки өлкөн байланышы жаңы деңгээлге чыгып, бардык багыттарда жигердүү улантылып жатканына токтолду. Анын ичинен өткөн жылы президент Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары ийгиликтүү болуп, анда маанилүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары, Казакстанда өткөрүлгөн референдум жана анын алкагында ишке ашырылып жаткан реформалар тууралуу да кеңири кеп кылган Ерлан Кошанов: «Катышуучулардын 87%ы колдогон өзгөрүүлөрдүн алкагында бир палаталуу парламент түзүлөрү күтүлүүдө. Учурдан пайдаланып, рефендумга байкоочу катары катышкан Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирем», – деди.

Баарлашууда маданий-гуманитардык маселелер да талкууланып, төрага Марлен Маматалиев Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине белгилүү коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушун берди.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:17 15.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун тургундары жана активи менен жолукту. Мамлекет башчысы...

Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:55 15.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун тургундары жана активи менен жолугушту. Мамлекет башчысы...

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:44 15.04.2026
1

Улан Маматканов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Буга чейин...

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:37 14.04.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында Сариев Улан Алмасбековичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...

Президент жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берерин айтты

Президент жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берерин айтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:53 14.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-апрелде Ош облусунун Алай районунун активи жана тургундары менен түз диалог өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө калктын күнүмдүк...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү