Маматалиев азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөргөндөргө айып пулду миллион сом кылууну сунуштады

«Азыр кымбатчылык болуп, доллар көтөрүлүп жатканда айрым ишкерлер өз «ишин» дагы башташыптыр. Ошолорго карата айып пул 100 миң сом экен, ошону 1 миллион сом кылып коёлу». Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Ал өлкөдө баалар негизсиз жогорулап жатканын айтты.