Маматалиев: «Мыйзам долбоору кабыл алынса, оңой жол менен алынган лицензиялар кайра каралат»

“Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жаткан депутат Марлен Маматалиев эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, оңой жол менен алынган лицензиялар кайра караларын SuperTV каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты.

«Мыйзам долбоору кабыл алынса, кеминде 50 тоннанын тегерегинде алтын мамлекетте калат. Дагы бир жагдай бар. Мен муну мыйзам долбоор 3-окуудан өткөндөн кийин айтышып керек болчу. Эми айта берейин, эгер демилгелеген мыйзам кабыл алынса, оңой, жаман жол менен алынган лицензиялар кайра каралат. Мүмкүн дагы бизге «Кумтөргө» окшогон алтын кендерди алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү мүмкүн. Бул жерде чоң саясат бар», — деди ал.