Каттоо кызматынын мурдагы башчысы Суваналиевге орун басар болуп Баткенге барды

Эрлан Сапарбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев орун басарын жамаатка тааныштырууга жетишти.

Сапарбаев 2008-2010-жылдары өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. 2012-2014-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган.